![Төрөкул Дооров](/img/default-banner.jpg)
- Видео 419
- Просмотров 3 350 081
Төрөкул Дооров
Чехия
Добавлен 22 май 2008
Менин каналыма кош келдиңиз, угарманым! Бул каналдан кыргыз акын-жазуучуларынын же дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн кыргыз тилине которулган, мага жаккан чыгармаларын уга аласыз. Мен өзүм тарткан, тартылган же мага жаккан видеолорду да көрсөңүз болот. Келгиле, сапаттуу, бүгүн-эртең өлбөй турган адабият менен таанышалы!
Топчугүл Шайдуллаева | Отун | аудио китеп
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Отун” деп аталган аңгемеси.
Просмотров: 3 977
Видео
Жеңишбек Эдигеев | Көк дептер | үзүндү
Просмотров 2,5 тыс.День назад
Журналист жана жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” китебинен айрым үзүндүлөр. Сиз бул китепти окуган белеңиз?
Жакшылык Сапарбаев | Адашуу | аудио китеп
Просмотров 15 тыс.День назад
Жаш авторлордун чыгармаларын окууну улантам. Айрым тексттерди окуганда авторго окуянын сүрөттөлүшү, баяндоо ыкмасы, фактылар жөнүндө суроолор жаралбай койбойт. Ошондой суроолор Жакшылык Сапарбаевдин “Адашуу” деген аңгемесин окуганда болду. Ага болочокто жооп алармын. Бирок чыгармада мага жалпы жылуу маанай жакты. Угуңуздар! Автор: Жакшылык Сапарбаев Окуган: Төрөкул Дооров Иллюстрация: Эмил Наср...
Мирзохалим Каримов | Менин началнигим ким? | аудио китеп
Просмотров 6 тыс.День назад
“Менин начальнигим ким?” Мирзохалим Каримовдун аңгемесинин аудио версиясы. Угуп, пикир жазыңыз!
Эрнис Турсунов | Ак кептерим, кайдасың? | Аудио китеп
Просмотров 19 тыс.2 дня назад
Жазуучу Эрнис Турсуновдун бир нече чыгармасын буга чейин да ушуш канал үчүн окуган элем. Менин угармандарым аны жакшы көрүшөт - ошол аудиолор азыр каналдагы эң көп угулган чыгармалардан. Мына, сиздерге бүгүн жаңы белек тартууласам деп турам. Эрнис Турсуновдун "Ак кептерим, кайдасың?" деген повестин окудум. Угуңуздар. Сиздердин пикир мага кызык - жазыңыздар. Буга чейин окулган чыгармалар; ruclip...
Мурза Гапаров | Жол кырсыгы | аудио китеп
Просмотров 9 тыс.14 дней назад
Мурза Гапаровдун чыгармаларын окуган сайын таң калганым таң калган. Окуяны, каармандарды, алардын жүрүм-турум, ой-санаасын, диалогдорун башка эч бир жазуучу мынчалык ширин, мынчалык "оңой", мынчалык "реалдуу" бере албаса керек деген ойго келем. Жазуучунун киного, театрга жакын болгону бекер болбосо керек, анын ар бир чыгармасында драма өзгөчө боек менен берилет, андагы адамдар менен бирге жүргө...
Уильям Фолкнер | Кургакчыл сентябрь | аудио китеп
Просмотров 1,5 тыс.14 дней назад
Мен бул каналымда негизинен кыргыз тилинде жаратылган чыгармаларды окуйм. Бирок дүйнөлүк адабиятсыз каналым баары бир толук болмок эмес. Кыргыз адабияты котормо менен байышы керек деп эсептейм, бул кыргыз тилинде билим берүүгө да чоң салым болмок. Ошон үчүн эми котормо жанрына да көп көңүл бурайын деген ниетим бар. Уильям Фолкнер - өткөн кылымдагы дүйнөлүк адабияттын эң эле көрүнүктүү өкүлдөрүн...
Мирзохалим Каримов | Аза | аудио китеп
Просмотров 7 тыс.14 дней назад
Жазуучу Мирзохалим Каримовдун «Аза» деген аңгемесин окудум, достор. Жапжаш туруп жесир калган Дүрдана, жалгыз уулунан айрылган ата-эне, алардын баарын бириктирген аза жана аны ар бири кандай кабыл алышканы жакшы сүрөттөлүптүр. Күйүт гана эмес, милдет, урмат, ата-энеге камкордук сыяктуу көптөгөн ыйык сезимдерди ушул каарман башынан өткөрүп, ошондо да өзүн жоготуп койбошу керек. Автордун көздөгөн...
Мирзохалим Каримов | Кыз күйүтү | аудио китеп
Просмотров 39 тыс.14 дней назад
Жазуучу Мирзохалим Каримов узакка созулган оорудан кийин быйыл жыл башында көз жумган. Мен ал кишини көзү тирүүсүндө көрүп, учурунда сүйлөшүп калбаганыма өкүнөм... Бүгүн анын «Кыз күйүтү» аттуу аңгемесин окудум. Жазуучуну эскерип коелу. Ыйманы саламат болсун. Автор: Мирзохалим Каримов Окуган: Төрөкул Дооров Музыка: Асылбек Насирдинов, “Ак Мактым”. Иллюстрация: Семен Чуйков, “Кыргыз пейзажы”.
Айнура Сүйүтбекова | Бейиш багы | аудио китеп
Просмотров 4,4 тыс.14 дней назад
Кыргыз тилинде көркөм чыгарма жараткан жаштардын тексттерин окууну улантам, достор! Бул ирет «Матисаков мектебинин» дагы бир жаш таланты Айнура Сүйүтбекованын “Бейиш багы” аңгемесин окудум. Текстте жалпы оңдолсо боло турган жерлер, кошсо боло турган кошумча сүрөттөө, көркөмдөө, өнүктүрсө боло турган ойлор аз эмес. Бирок мага автордун негизги тандаган багыты жанагылардан алда канча маанилүү туюл...
Нуриза Өмүрбаева | Жалгыздыктын ыйы экенин сезбеген | поэзия
Просмотров 40021 день назад
Жалгыздыктын ыйы экенин сезбеген, жамгыр келип тереземе урунат. Көңүл муңун көкүрөктү ээлеген, айткым келди... Айтып берсем ким угат? Эч ким укпайт, жашоо жолу өзгөрүп, кетет экен жандап жүргөн адамдар. Өлгөндөрүн өкүнүчтө эскерип, тирүүлөрүн унутасың, аз-аздан. Калат анан катарыңды толуктап, анда-санда жүз көрүшкөн тааныштар. Атак, байлык, бакыт издеп оолуккан, адамдардын ортосунда жарыш бар. ...
Нарсулуу Гургубаева | Жашоого, канжыгага жанымды артып | поэзия
Просмотров 48221 день назад
Нарсулуу Гургубай Жашоого, канжыгама жанымды артып, сүйүү үчүн туш тарапка желбиреген, сыйрылган жүрөгүмдү дарылатып, сыйынып кетиш үчүн келдим дегем. Оо, кандай арсыз, тунук, чоң адашуу! Не болгон көк тиреген көр ишеним? ...Мен азыр жаман менен жакалашып, жаралуу менен күндө көрүшөмүн! Өксүктүн өнөкөткө айланганын, өмүрдүн өрттөнгөнүн күндө көрөм. Көрөмүн көчөттөрдү армандагы, бактысы гүлдөбөг...
Айдарали Жапаров | Ырлар | Поэзия
Просмотров 72521 день назад
Быйыл мартта акын Айдарали Жапаров дүйнөдөн кайтканына 24 жыл болду. Акын өлүм алдында жаткан кезде мен аны акыркы жолу үйүнөн көргөн элем... Бирок ал кезде анын чыгармачылыгы менен жакшы тааныш эмес болчумун. Буга чейин каналымда Айдарали Жапаровдун бир нече ырын окуганмын. Бирок бул ирет узагыраак окууну, болгондо да аларды бир олтуруп, бир дем менен, бир интонация, бир ыргак, бир сезим менен...
Франц Кафка | Кубулуу | новелла | аудио китеп
Просмотров 3 тыс.21 день назад
«Эгер аны музыка ушунчалык толкундатса, анда аны жаныбар дешке болобу?» Франц Кафканын өлгөнүнө кечээ туура 100 жыл болду. Чыгармаларын немисче жазган прагалык жөөт жазуучу 40 жылга жетип жетпеген өмүрүндө дүйнөлүк адабиятка чоң өзгөрүш жасап кеткен. Анын абсудрга, караңгылыкка, адамдын жеке өзүнөн күнөө издеген сюрреалисттик сүрөттөмөлөргө, экзистенциялык суроолорго толо чыгармалары өзү өлгөн ...
"БАЛА" | Элмира Ажыканова | аудио китеп
Просмотров 16 тыс.Месяц назад
Бала. Эки ааламды, эки бүлөнү бириктирген кичинекей адамча. Мындай окуялар эл ичинде көп. Аскарбек башка бирөөдөн уулу бар экенин тирүүсүндө аялы Бурмага айткандан жүрөкзаадаландыбы, же аны аядыбы, айтор, айта алган эмес. Бурмага ал бул жөнүндө кичине гана кагазга жазып, аны жаздыгынын астына бекиткен бойдон кете берген. Элмира Ажыканованын аңгемесинде алты жашар баланын образына жасалган кылда...
Топчугүл Шайдуллаева | Угузуу | аңгеме | аудио китеп
Просмотров 18 тыс.Месяц назад
Топчугүл Шайдуллаева | Угузуу | аңгеме | аудио китеп
Сулайман Рысбаев | Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок | аудио китеп
Просмотров 2,4 тыс.2 месяца назад
Сулайман Рысбаев | Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок | аудио китеп
АКЫРКЫ СӨЗ | Төрөкул Дооров | аудио китеп
Просмотров 4,5 тыс.2 месяца назад
АКЫРКЫ СӨЗ | Төрөкул Дооров | аудио китеп
«МЕКЕНСИЗ» | Айдарбек Сарманбетов | аудио китеп
Просмотров 12 тыс.2 месяца назад
«МЕКЕНСИЗ» | Айдарбек Сарманбетов | аудио китеп
"МУРАС" | Гүлзат Бектемир | аудио китеп
Просмотров 7 тыс.2 месяца назад
"МУРАС" | Гүлзат Бектемир | аудио китеп
Астра гүлү | Зуура Сооронбаева | аудио китеп | 2-бөлүк
Просмотров 10 тыс.2 месяца назад
Астра гүлү | Зуура Сооронбаева | аудио китеп | 2-бөлүк
Астра гүлү | Зуура Сооронбаева | аудио китеп | 1-бөлүк
Просмотров 27 тыс.2 месяца назад
Астра гүлү | Зуура Сооронбаева | аудио китеп | 1-бөлүк
Арген Мажитов | Синьор | аудио китеп
Просмотров 2,5 тыс.3 месяца назад
Арген Мажитов | Синьор | аудио китеп
Бейшенбай Усубалиев | Бир сомдук тыйын | аудио китеп
Просмотров 10 тыс.3 месяца назад
Бейшенбай Усубалиев | Бир сомдук тыйын | аудио китеп
Самара Каныбекова | Санта | аудио китеп
Просмотров 5 тыс.3 месяца назад
Самара Каныбекова | Санта | аудио китеп
Аден Турусбеков | Күмбөз | аудио китеп
Просмотров 3,2 тыс.3 месяца назад
Аден Турусбеков | Күмбөз | аудио китеп
Батма Искандарова | Кош дегим келбейт | аудио китеп
Просмотров 11 тыс.3 месяца назад
Батма Искандарова | Кош дегим келбейт | аудио китеп
Илимбек Бакиров | Курьер | аудио китеп
Просмотров 4,5 тыс.3 месяца назад
Илимбек Бакиров | Курьер | аудио китеп
Айбек Абдылдаев | Экөө | Аудио китеп
Просмотров 4,9 тыс.3 месяца назад
Айбек Абдылдаев | Экөө | Аудио китеп
Аскаралы Ражабалиев | Сагыныч кушу | аудио китеп
Просмотров 22 тыс.4 месяца назад
Аскаралы Ражабалиев | Сагыныч кушу | аудио китеп
Автор М.Каримов агайдын ЖАНЫ БЕЙИШТЕ ЖУРСУН, ООМИЙН!
🤲
👍-121 🤔
Аябай сонун окулуптур, угуп жатып ыйладым го😢
Сонун чыгарма окуп бергенизге чоң рахмат
Урматтуу Төрөкул мен 70 деги байбичемин,сизди кыргыз Азаттыкта иштеген кезинде угуп жүрчүмүн азыр кайда иштейт экен десем жакында эле казак Азаттыкта эенсиз сыймыктанып калдым ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз,анан 2011 жыл беле, атаңыздын маегин уккам ал түштүк. диалектти да колдонсок жакшы болмок кыргыз тили байымак деп түшүнгөм, жакындан бери сиздин каналды көрүп калдым жакты өзгөчө сиз окуган авторлордун китептерин окуган алардын китептери деп көп чыкпаса керек ал эми залкар деген жазуучуладыкы үйдө китепканада бар да ошондуктан ушундай көп элге тааныш эмес окуп турсаныз мүмкүн болсо алар жөнүндө кыска маалымат бере кетсеңиз Чоң рахмат.
Саламатсызбы, Эркингүл эже! Жылуу сөздөрүңүз үчүн рахмат! Ооба, каналда белгисиз авторлорду да окуп турам. Буюрса, алдыда, балким, алар жөнүндө маалымат берген видео да чыгарармын. Рахмат!🙏
Унунузго береке, Торокул. Сиздин ун коштоонузда дагы коп жакшы ангемелерди кутобуз.
🎉🎉🎉🎉🎉
74 миң көрүүчү, лайк 1000. Адам эмгегин баалаганды үйрөнөлү туугандар. Китеп окуганга убактыбыз жок, сатып да албайбыз.
Рахмат!🙏 дос-туугандардың чаттарында да бөлүшсөңүздөр.
@@DoorovT сөсүз.
Баракелде! Баракелде! Бар бол Төрөкул Дооров иним! Акындын арбагы ыраазы болуп, ар дайым колдоп жүрсүн!👍😘👍🥰👍👍🤪😍
Рахмат🤲
Сагындык омурбаевдин бороондуу кундор романын окуп берсе уну уккуклуктуу экен азамат бар бол
Рахмат! Интернеттен таппадым издеп. Кыргызстанга барганда китебин эде издем көрбөсөм.
Сонун чыгарма, маанилүү,салмактуу олуттуу,адамдардын кандай кыйынчылык болсо да адамдык сапатын даңазалаган аңгеме.Турсуновдун ар бир чыгармасын уккан соң чооң руханий азык алып ыраазы болом.Торокул сизге да өзүнчө ыраазычылык,дикцияныз мыкты ,чыгарманын көркүн чыгара окуйсуз.
Чоң рахмат пикириңизге! Эрнис Турсуновдун адабияттагы орду өзгөчө. Мен анын башка да чыгармаларын, котормолорун ала келем деп олтурам келерки жолу Кыргызстанга барганда.
👍👍
👍
Рахмаат🎉🎉
👍👍👍😊
Ото мундуу, таасирдуу ангеме экен.
Рахмат!
❤❤❤
Эртен ишке барып угам (отложила ), ишти женилдетет ,баарын бир аз унутуп ,китептеп дуйносуно сунгуйбуз ... ырахмааат.
Ишинди Ким кылат??
Жан дуйнону козногон чыгарма .
Бул-типографияда болгон өрт го. Ай айдай балдарынан ажырап калышты го байкуш тар
Ошондой болсо керек деп калдым мен да. Балким, автор Топчугүл эже өзү да жазып калар аңгеменин тарыхын.
@@DoorovT Сиз окуган чыгармаларды угуп жатканда, айландагы чындык экени даана көрүнүп калып жатат. Аза, Жол кырсыгы.... ж.б
@@user-he4hl8il4e рахмат! Бул пикириңиз мен үчүн баалуу🙏
Рахмат!
😢😢 ыйлап отуруп уктум .Рахмат авторго❤Төрөкул сонун окудуң🎉
Рахмат! Мындай тагдырлар көп болуп кетти…(
Саламатсыздарбы! Авторго да ,окуган Торокулга ыраазылык! Таасирдуу чыгарма экен
Рахмат чоң🙏
Азамат торокул .
Тамашанын артынан убалына калыптыр кыз?, байкуш баланын
Окуганын укулукту көп окуп туурчу балам
Рахмат! Аракет кылам. Кандай чыгармаларды уккуңуз келет?
❤❤❤
🎉🎉🎉🎉
Апамды эстеп ыйладым, жаным апамммм😢😢😢
❤❤❤❤❤
Мурзахалим замандашыбыз ооруп жатты эле.жакшы болуп калдыбы.
Өмүрдөн өтүп кетти ал киши((
Мыкты чыгарма уккулуктуу ун
Рахмат!
❤❤❤
Сонун жазыптыр, а сен ого бетер армандуу үн менен коштопсуң, негедир ыйлагым келип уктум. Балалыгым эсиме түштү. Уландысын күтөм. Урматым менен Рахат Асанбекова
Рахмат, эже!
Кадимкидей кутом окуган чыгармаларынызды, анан таап алып аябай суйунуп угам. Бар болунуз, кудайым колдоп, иштериниз ийгиликтуу болсун, ден соооукта болунуз❤
Эненин орду бөлөк тура. Өзүм эне болуп кыркка чыгайын деп чоң кызым 17 жашка чыкканда апам өткөн ошондо да ичим эңшерилип көпкө чейин оорду толбой жүрдү. Москвадан келе жатып азыр апам тирүү болсо кандай гана кубанып мени күтөт эле деп самолёттун терезесин карап эзилип кызыма сездирбей ыйлап келгем. Апама менин тыйын тапканым эмес өзүм келгеним чоң бакыт эле.
Туура айтасыз… апаларга башка эч нерсенин кереги жок… аны өтө кеч түшүндүм мен да((